Жаңылыктар
25.01.2025 14:52
Кароолор: 462
КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 25-январь күнү Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолунда абал турукташкандыгына байланыштуу жол эки тараптуу ачылды.
Учурда Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда 2 инженердик техника нөөмөттө турат, ал эми жылытуу пункту жарандарды кабыл алууга даяр.
Эске салсак, 2025-жылдын 23-январында адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында унаа жолу эки тараптуу жабылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР