Жаңылыктар

10.01.2025 10:20

   Кароолор: 881

КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ АЧЫК

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол – Эңилчек унаа жолуна киргизилген убактылуу чектөө абал турукташкандыгына байланыштуу бүгүн, 10-январь күнү алынды.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-январда Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп айрым тилкелерде күрткү пайда болуп жаткандыгына байланыштуу жана унаа жолдун 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан, өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында район акиминин №2- т тескемесинин негизинде унаа жолдун 38-112-чакырым аралыктары убактылуу жабылган болчу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу