Жаңылыктар
24.07.2024 16:00
Кароолор: 281
КАРА-СУУДА СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТА КОМИССИЯ ЖУМУШ АЛЫП БАРУУДА
Бүгүн, 24-июль күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Мусаев Эрлан баштаган комиссия Ош облусунун Кара-Суу районунда селден жабыркаган аймакта болду.
Анда комиссия курамы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда район аймагында катталган селден кийинки жана сел каналдарын калыбына келтирүү, сел кесепеттерин жоюу иштери менен таанышып, жеринде тиешелүү тапшырмалар коюлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР