Жаңылыктар
19.02.2025 19:02
Кароолор: 127
КАРА-СУУДА КООПТУУ АЙМАКТАН КӨЧПӨЙ ЖАТКАН 37 ҮЙ-БҮЛӨ БАР
Ош облусунун Кара-Суу районунда жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашап келет. Аларга мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкелери берилгенине карабастан, өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн тобокелге салып, жашоону улантууда.
Аталган үй-бүлөлөрдүн ичинен экөө мамлекеттен ссуда алып, ал эми дагы 14ү мындай мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары, 34 жаранга жаңы жер тилкелери бөлүнгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын бул аймактын тургундарына жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ