Жаңылыктар

08.08.2024 11:59

   Кароолор: 561

КАРА-СУУДА ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ ОРТОСУНДА ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев жана башка бийлик өкүлдөрү Кара-Суу районунун эли менен жолугушту.

Алгач,райондун акиминин биринчи орун басары Улан Батыров берген отчетунда Кара-Суу районунда катталган селдин тазалоо иштери жана алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.

Суроо-жооп учурунда райондун тургунунун кайрылуусунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылындагы сел өтүүчү каналды ачуу боюнча тапшырмасын МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев башкармалыктын башчычы Эрлан Мусаевге койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу