Жаңылыктар

24.01.2025 18:31

   Кароолор: 484

КАРА-СУУ РАЙОНУНУНДАГЫ ИЧКИ ЧАРБАЛЫК ЖОЛДОР КАРДАН ТАЗАЛАНУУДА

Кечээ, 23-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында калың жааган кардын кесепетинен Баш-Булак айыл аймагынын Бек-Жар–Кичик ички чарбалык унаа жолунун 0-8-чакырым аралыгы жана Мады айыл аймагынын Кичик-Тээке ички чарбалык унаа жолунун 0-8-чакырым аралыгы убактылуу жабылган.

Бүгүн жерине Баш-Булак айыл аймагынан атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу