Жаңылыктар
26.05.2026 20:28
Кароолор: 35
КАРА-СУУ РАЙОНУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИ УЛАНУУДА
2026-жылдын 25-майында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун бир катар айыл аймактарында сел жүрүп, турак жайларга, социалдык объекттерге, автоунаа жолдоруна жана айыл чарба жерлерине зыян келтирди. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, сел суулары жалпы 212 турак жайды жана 11 социалдык объектти каптаган. Ошондой эле 19,7 гектар айыл чарба жерлери жабыркап, айрым ички чарбалык жана республикалык маанидеги жолдор сел калдыктарына толгон.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМден 121 куткаруучу, 5 техника жана 8 мотопомпа, ошондой эле райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 445 кызматкер, 12 техника жана 7 мотопомпа тартылды.
Аткарылган иштердин натыйжасында 211 турак жай жана 11 социалдык объект тазаланып, негизги жолдордо кыймыл калыбына келтирилди.
Ошондой эле жабыркаган аймактарда санитардык тазалоо жана залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Учурда айрым объекттерде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылып, кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ