Жаңылыктар

17.07.2024 22:11

   Кароолор: 603

КАРА-СУУ: ДАТКА ЖАНА МАНАС АЙЫЛ АЙМАКТАРЫ СЕЛДЕН ТОЛУК ТАЗАЛАНДЫ

Бүгүн, 17-июль күнү селден жабыркаган Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка жана Манас айыл аймагында сел кирген турак үйлөр толук тазаланды.

Тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 341 өздүк курам, Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 722 кызматкер, жалпы 1063 адам тартылды. ӨКМден жалпы 28 атайын техника жана 15 инжинердик техника, 3 өрт өчүрүү техникалары, 19 мотопомпа, ал эми жарандык коргонуу кызматы тарабынан 20 инженердик техника, 15 мотопомпа тартылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу