Жаңылыктар
18.12.2024 17:20
Кароолор: 248
КАРА-КУЛЖАНЫН ТОКБАЙ-ТАЛАА АЙЫЛЫНА "ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ” КИРГИЗИЛДИ
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына "Өзгөчө кырдаал режими” киргизилди. Мындай чечим жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 18-декабрындагы №01-19/651 буйругунун негизинде кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, 380 метр суу түтүкчө иштен чыгып калгандыктан бир топ күндөн бери суу жетпей калган. Буга байланыштуу Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы жергиликтүү калкка суу жеткирүү кызматын көрсөтүүдө.
Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, айыл аймак башчылары жана жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды жөнгө салуу иш пландары түзүлгөн.
Аталган таза суу системасы менен 4581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча камсыздандырылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР