Жаңылыктар

19.12.2024 12:13

   Кароолор: 275

КАРА-КУЛЖАДАГЫ ЖЕР КӨЧКҮ ТАЗАЛАНУУДА

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымында бүгүн, 19-декабрь күнү жер көчкүнү тазалоо иштерине №26 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 экскаватор тартылды.

Белгилей кетсек, 7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган. Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу