Жаңылыктар
13.12.2024 13:45
Кароолор: 157
КАРА-КУЛЖАДАГЫ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК САБАКТАР ӨТТҮ
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ш.Жээнбеков жана Субан уулу Алмаз атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде "Коопсуздук эрежелери жана өрт кырсыгын алдына алуу" максатында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуу Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулду.
Машыгуулардын максаты - өрт кырсыгын алдына алып, мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүгө багытталат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР