Жаңылыктар
11.12.2024 11:08
Кароолор: 185
КАРА-КУЛЖАДА ТОО БООРУНАН ТОЛУК ТҮШПӨЙ КАЛГАН ЖЕР КӨЧКҮ АТЫП ТҮШҮРҮЛӨТ
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Кара-Кулжа – Сары-Булак ички чарбалык жолунда бүгүн, 11-декабрда тоо боорунан толук түшпөй калган жер көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.
Ага Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн артиллериялык эсеп менен 6 атайын унаа, мындан сырткары жериндеги абалды байкоо жана координациялоо максатында ӨКМдин Координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчыларынын жетекчилигинде ыкчам топ, ИИМден 2 экипаж тартылды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында саат 17:00 чамасында Кара-Кулжа — Сары-Булак ички чарбалык унаа жолунун 5-чакырымындагы Көк-Жар тилкесиде жалпы көлөмү болжол менен 12000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылган.
Аймакта жер көчкү түшүү кооптулугу жогору экендиги тууралуу корутунду ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан 2022-жылдын 14-июнунда чыгарылып, эскертүү берилген.
Кошумча маалымат берилет.
Иллюстративдик сүрөт колдонулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР