Жаңылыктар

16.12.2024 18:11

   Кароолор: 379

КАРА-КУЛЖАДА КАЛККА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНАА МЕНЕН ТАЗА СУУ ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, бир топ күндөн бери суу жетпей калган. Буга байланыштуу Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бир өрт өчүрүүчү унаасы жергиликтүү калкка суу жеткирүү кызматын көрсөтүүдө.

Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги, айыл аймак башчылары жана жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуп, өрт өчүрүүчү эсеп муктаждыкка жараша суу жеткирүүгө кол кабыш кылаарын айтты.

Ал белгилегендей, өрт өчүрүүчү унаа өзгөчө кырдаалдарга дайым даяр болушу үчүн өз ордунда турушу шарт. Буга байланыштуу Мамбетов элдерди сууну үнөмдөп урунууга чакырды.

Жергиликтүү эл ӨКМдин мындай социалдык колдоолору, айыл ичине чейин суу ташып келип, суук күндө суроо-талаптарын орундатып атканы чоң жардам экенин билдирип, ыраазычылыктарын айтышты.

Аталган таза суу системасы менен 4581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча камсыздандырылат.

Буга чейин суу тоңуп калгандыктан узундугу 380 метр суу түтүкчө иштен чыгып калганы маалымдалган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу