Жаңылыктар
11.12.2024 18:01
Кароолор: 368
КАРА-КУЛЖА — САРЫ-БУЛАК УНАА ЖОЛУНДА ЖЕР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагында Кара-Кулжа —Сары-Булак унаа жолуна жер көчкү түшкөн аймакта изилдөө иши жүргүзүлгөн.
Бүгүн изилдөөнүн негизинде экинчи ирет түшүү кооптуулугу бар тилкеде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби менен көчкү массасын түшүрүү ишин башташты.
Жеринде ӨКМдин ӨК Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери, Координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. Жергиликтүү калктын коопсуздугу камсыздалып, кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынууда.
Иштин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат берилип турат.
Эске салсак үстүбүздөгү жылдын 7-декабрь күнү, саат 17:00 чамасында жогорудагы аталган унаа жолдун 5-чакырымына болжол менен 12000м3 жер көчкү түшкөн. Жабыркагандар жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР