Жаңылыктар
13.03.2026 15:53
Кароолор: 6
КАРА-БАЛТАДА ЖАКЫН УЧУУ ЖАСАГАН ТИК УЧАК ӨКМге ТИЙИШТҮҮ ЭМЕС
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым массалык маалымат каражаттарындагы, жерге жакын учкан тик учак ӨКМге тиешелүү деген божомол чындыкка дал келбей турганын расмий билдирет.
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жергиликтүү тургундар тик учак беш кабаттуу үйдүн бийиктигиндей аралыкта учкандыгы тууралуу билдирип, аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү болушу мүмкүндүгүн жазышкан.
ӨКМ коммерциялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча учуларды ишке ашырары анык, бирок бул учууга эч кандай тиешеси жоктугун маалымдайт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР