Жаңылыктар
09.02.2025 15:53
Кароолор: 447
КАРА-БАЛТАДА ӨЗ ЖАНЫН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН АЯЛ КУТКАРЫЛДЫ
Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында бүгүн, 9-февралда эки кабаттуу турак үйдүн чатырынан аял киши секирем деп, өз өмүрүн кыюууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Жайыл райондук №22 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, аман-эсен аялды куткарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР