Жаңылыктар
26.09.2024 18:20
Кароолор: 312
КАРА АЛТЫН ӨНДҮРҮҮДӨ АЖАЛГА АРАЧЫ БОЛГОН КУТКАРУУЧУ
ӨКМдин куткаруучулары өрттө, сууда, тоодо атүгүл жер астында адам өмүрүн сактап келишет. Биз кезектеги чыгарылышта көпчүлүк анчейин биле бербеген кара алтын өндүрүүдө ажалга арачы болгон куткаруучулардын эрдиги тууралуу баяндап беребиз.
Баткендин Сүлүктү шаарынан өндүрүлгөн көмүрдүн курамы каллориялуу болгондуктан, колдонуучулар жогору баалашат. Бирок мындагы кендер жеке менчик ишканалар аркылуу оор техниканын жардамында эмес, кол күчү менен жер астынан өндүрүлөт. Ал эле эмес көмүрдүн курамы күчтүү болуп газ , суу чыгып керек болсо, шахта алдында да өзүнөн-өзү күйүү, түтөө касиетине ээ. Жер алдындагы мындай абал шахтачылардын өмүрү үчүн өтө кооптуу. Ооба, кара жанын карч уруп, 600-1000 метр тереңдиктеги кооптуу жерде көмүр казып иштегендердин эртеңи өздөрүнө да белгисиз...
Тилекке каршы, татаал шартта иштеген шахтачылар арасында көз жумгандар жок эмес. Анткени тереңдеги көмүр кенинен чыккан уулу газдан эки жолу дем алуу гана өмүр менен кош айтышууга жол ачат.
Тереңдеги кен кырсыгы жылына жүздөп саналып, айрым учурда кайгылуу окуя менен коштолот. Анын кесепетин жоюуда, адамды куткарууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын куткаруучулары чыгат. Маселен, куткаруучулар 2024-жылдын соңку 8 айында көмүр кениндеги 50дөн ашуун кырсыкка тартылган. Анын төртүндө жер алдынан кенчилердин өмүрүн сакташкан. Ал эми 40тан ашууну шахтадагы өрттү өчүрүү же газдын кесепетин жоюу.
Саналуу мүнөттөрдө адам өмүрүн сактап калуу куткаруучулардан зор эмгек талап кылат. Алар айлап машыгып, тынымсыз окутулуп ал тургай, жетекчилик тарабынан квалификацияларын жогорулатышат. Ар бир кадамы саналуу демекчи, кенчиге эмес өзүнө жардам бере албай калышы толук мүмкүн. Андыктан ӨКМдин Тоо-кен куткаруу кызматында министрдин атайы тапшырмасы менен талапка ылайык шарттар түзүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР