Жаңылыктар
26.01.2025 19:20
Кароолор: 706
КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ
Бүгүн, 26-январь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда КР ӨКМдин ыкчам тобу жана КР КМнин артиллериялык эсеби кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чараларын Бишкек-Ош унаа жолунун 222-223-чакырымында жүргүздү.
Натыйжада жалпысынан көлөмү 143305 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жолго жеткен эмес.
Белгилей кетсек, бул жолку Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жыйынтыкталды.
КР ӨКМ ПРЕСС_БОРБОР