Жаңылыктар

10.02.2024 11:48

   Кароолор: 299

КАР КӨЧКҮНҮ МАЖБУРЛАП ТҮШҮРҮҮ ИШИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 10-февралда Бишкек – Ош унаа жолунун 198,135,133 жана 132 чакырымында кар көчкүнү атайылап түшүрүү улантылып, натыйжада жалпы көлөмү 14 930 м3 кар түшкөн. Унаа жолго жеткени 1512 м3 болгон.

Бишкек–Ош унаа жолдун 132-135 жана 198-255- чакырымында жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында 8-февралда башталган иш-чара бүгүн жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, ӨКМдин адистери ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштерин алып барды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу