Жаңылыктар
24.01.2025 13:12
Кароолор: 385
КАР КӨЧКҮЛӨРҮН МАЖБУРЛАП АТЫП ТҮШҮРҮШТҮ
2025-жылдын 24-январь күнү Кыргызстандын Бишкек – Ош автоунаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында түзүлгөн ыкчам топтун курамы жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби саат 11:48ден саат 11:57ге чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 4 снаряд атылып, баары жарылган. Натыйжада көлөмү 8600 м3 кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Кар көчкүлөрдү мажбурлап атып түшүрүү иштери Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде жүрүп жатат. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР