Жаңылыктар

08.02.2024 12:26

   Кароолор: 905

КАР КӨЧКҮЛӨР ТҮШҮРҮЛӨТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Ош унаа жолундагы кар көчкүлөрүн түшүрүү иш-чараларын жүргүзөт.

Аталган унаа жолдо жол кырсыктарынын алдын алуу, адам өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо зарылчылыгына байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт.

Алсак, Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- километриндеги кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда ӨКМге караштуу башкармалыктар, кызматтар иш-чараны КРнын Коргоо министрлиги менен биргеликте аткарышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу