Жаңылыктар
02.02.2024 12:04
Кароолор: 444
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-февралынан 4-февралына чейин метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда,198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР