Жаңылыктар

12.02.2024 18:42

   Кароолор: 376

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

 

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-14-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу 55-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

☎️Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу