Жаңылыктар
12.02.2024 18:42
Кароолор: 772
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-14-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу 55-115 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР