Жаңылыктар
28.01.2024 17:05
Кароолор: 419
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ
ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда 29-январдан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусуна , 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайына, Ала-Бел ашуусуна, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайку унаа жолунун;
- 55-115-чакырымдарындагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарына, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарына кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлүүдө .
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!
Бул күндөрү жогорудагы жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз "112" кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР