Жаңылыктар

15.02.2024 18:17

   Кароолор: 580

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!

❗ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

 

✅КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!

 

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 16-17-18-февралында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;

- Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымдарындагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында, Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

- Бишкек – Нарын –Торугарт жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусуна, 353-357-чакырымдарындагы Кызыл-Бел ашуусунда, Казарман – Ак-Тал – Чат жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында Кара-Гөө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси, Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;

- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымдарындадагы Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарындадагы Сөөк ашуусу, Түп – Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымдарында;

- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымдарында, Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-173-чакырымдарындагы Талдык ашуусу жана 218-224-чакырымдарындагы Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

✅Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, дары-дармек топтомун, күрөкчө жана ысык суу, гүлазык алууну унутпаңыз. Кандайдыр бир кырдаалдага күбө болсоңуз “112” кызматына чалууну унутпаңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу