Жаңылыктар

09.02.2024 12:19

   Кароолор: 454

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

❗️ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

 

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ, КАР КҮРТКҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-12-февраль күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун:

121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу;

198-260-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

✅УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР!

Алыскы жолго чыгарда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кандайдыр бир кырсыкка күбө болсоңуз "112" ☎️кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу