Жаңылыктар

28.10.2024 18:06

   Кароолор: 318

КАР КӨЧКҮ ТҮШКӨН БАЛЫКЧЫ—КАЗАРМАН—ЖАЛАЛ-АБАД АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛУН ТАЗАЛОО ҮЧҮН ТЕХНИКА ТАРТЫЛДЫ

Такталган маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун болжол менен 348-чакырымында кар көчкү түшкөн (тоннелге 500м жетпей, Жалал-Абад тарабында).

Ал эми тоннелдин Казарман тарабында кар көчкү түшкөн эмес, жааган кардын калыңдыгы 25см.

Учурда тоннелдин ичинде туруп калган 10 унаа Казарман тарапка чыгарылды. Ал эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй көмүр жүктөп бараткан 5 оор жүк ташуучу унаа тоннелдин Казарман тарабында турат.

Жерине Сузак райондук №65 ӨКБдан 4 куткаруучу жана тазалоо иштерине Чайна-Роуд ишканасынан жүктөгүч тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу