Жаңылыктар
16.12.2024 19:26
Кароолор: 374
КАР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНАН УЛАМ КАРАКОЛ - ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунда кар жаап, бороон болуп айрым тилкелерде кар күрткү пайда болуп жаткандыгына байланыштуу жана унаа жолдун 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан унаа жол бүгүн, 16-декабрдан 18-декабрга чейин убактылуу жабылды.
Мындай чектөө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Ак-Суу РМАнын башчысы-акимдин 2024-жылдын 16-декабрындагы №288-т тескемесинин негизинде киргизилди.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР