Жаңылыктар
22.01.2025 19:45
Кароолор: 681
КАР КӨЧКҮ 6 ЖЕҢИЛ УНААНЫ, 1 СПРИНТЕРДИ БАСЫП КАЛГАН
Саат 19:40га карата маалымат
Бүгүн Чүй облусу, Жайыл району. Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:04 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында 2 жерге кар көчкү түшүп (көлөмү болжол менен 3500 м3 6 жеңил унааны жана 1 Спринтер унаасын басып калган, анын ичинен 1 жеңил унааны кар көчкү толук басып калган.
Жерине КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын жана 6-ӨМТККВдан 2 куткаруучу, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, КДМБнын 3 куткаруучу, №9 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер жана ИИМден 2 экипаж тартылган.
Куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 адамды куткарышып, 1 аялды (эс учун жоготкон) тез жардам кызматы алып кеткен. Жеринде министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ошого байланыштуу "Арал" жана "Сосновка" постторунда жеңил унааларга чектөө киргизилген. Кошумча маалымат берилет.