Жаңылыктар
01.06.2025 12:01
Кароолор: 231
КАР КАПТАГАН ЖАЙЛООДО КУТКАРУУЧУЛАР КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮП, ЖК КЫЗМАТТАРЫ ИШ АЛЫП БАРУУДА
Бүгүн таңкы саат 05:15 чамасында Нарын башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Б.Алыкеев жетекчилигинде 3 куткаруучу ыкчам тобу жеринен абалды көзөмөлдөөгө жана 5 жергиликтүү тургун жөнөп кетишкен.
Тагыраагы, кечээ 31-майда Нарын облусунда аба ырайы кескин өзгөрүп, жааган кардын кесепетинен Арпа жайлоосунда малчы калып калгандыгы тууралуу 112 кызматына кабарлаган.
Мындан улам малчыларга Казыбек а/а айыл башчысы 2 жүк ташуучу Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен чөп (тоют) жеткиришкен.
Бул күнү Ак-Сай жайлоосуна чыккан 6 адамга ат-башылык куткаруучулар чегарачылар менен жардам көрсөтүшкөн.
**********
Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 537-544-чакырым аралыктарына (Арка тилкеси) 15-20см жеткен кар жаап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралган.
Жеринде 1-июнда жергиликтүү жол тейлөө ишканасынан 1 грейдери саат 15:00до бир тараптуу тазалаган. Учурда унаа жолду толук тазалоо иштери улантылууда.
Эске салсак, алдын ала аба ырайынын өзгөрүшү тууралуу шашылыш билдирүүлөрдү таркатып, ӨКМ жетекчилиги Жарандык коргонуу кызматтарынын инженердик техникалары даяр туруусу тууралуу тапшырмалар берилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР