Жаңылыктар
23.11.2024 09:10
Кароолор: 622
КАНТТАГЫ ӨРТТҮ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ
Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чыккан өр кырсыгына такталган маалыматка ылайык, ири өрткө 4 күжүрмөн эсеп 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1 кытай жараны каза болгон. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР