Жаңылыктар
27.12.2023 14:46
Кароолор: 358
КАНТ ШААРЫНЫНЫН БАЗАРЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУСУ ӨТТҮ
Кечээ ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн адистери Кант шаарынынын базарында өрт-тактикалык машыгуу уюштурду. Атайы сценарийге ылайык өрт базарда кийим-кече саткан жабык соода жайынан чыккан.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, дүкөндүн ичин коюу кара түтүн каптап калгандыктан, атайы дем алуучу жабдыктарды кийип өрттү өчүрүштү.
Мында соодагерлер жылынуучу электр жылыткыч жабдыгынан өрт чыккан.
Соңунда соодагерлерге, кардаларга өрт коопсуздугу тууралуу нускама өтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – өздүк курамдын чеберчилик деңгээлин жогорулатып, базар жетекчилигин, кардарларды жана соодагерлерди өрт коопсуздук эрежелерин сактоого ошондой эле кырсык катталган маалда дүрбөлөңгө түшпөй өрткө каршы турууга үйрөтөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР