Жаңылыктар
23.06.2026 14:35
Кароолор: 14
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВдин ТАПШЫРМАСЫ МЕНЕН МИНИСТРдин ОРУН БАСАРЫ СҮЛҮКТҮДӨ СЕЛДЕН КИЙИНКИ АБАЛ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Баткен облусунун Сүлүктү шаарына жумушчу сапары менен барып, селдин кесепетинен жабыр тарткан аймактарды жеринен көрүп чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары селден жабыркаган тилкелердин абалы менен таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү сунуштамаларды берди.
Ошондой эле Макаевка жана Бакыбек көчөлөрүндөгү селден коргоочу тосмолорду калыбына келтирүү максатында долбоордук-сметалык документтерди ыкчам даярдап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуштоо боюнча иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Лейлек районунун Катраң айылындагы калктуу конушту сел коркунучунан коргоо жаатында жергиликтүү бийлик органдары менен жеринде таанышты. 1,5 чакырым аралыкта сайдын нугун тазалоо жана нугун буруу иш-чарасы быйылкы жылга ӨКМдин Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасынын алкагында аткарылары маалымдалды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ