Жаңылыктар
17.06.2026 10:14
Кароолор: 120
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЖАНА БУУнун КР ТУРУКТУУ КООРДИНАТОРУ АНТЬЕ ГРАВЕ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРГА ЖООП КАЙТАРУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК ТОПТУН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРҮШТҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Чыныбаев Канатбек Койчубековичтин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымдын төрагалыгы алдында Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо тобунун (ГКРЧС) жыйыны болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар учурдагы жооп кайтаруу чараларын талдап, азык-түлүк коопсуздугу, саламаттык сактоо, эрте калыбына келтирүү жана калкты коргоо боюнча тармактык кластерлердин ишин камтыган артыкчылыктуу милдеттерди макулдашышты. Ошондой эле запастарды логистикалык камсыздоо жана мекемелер аралык координация маселелери каралды.
Жыйындын соңунда министр Канатбек Чыныбаев министрликтин потенциалын чыңдоого кошкон эл аралык өнөктөштөрдүн олуттуу салымын белгилеп, жемиштүү кызматташтыгы үчүн бир катар өкүлдөргө ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.