Жаңылыктар

08.05.2026 10:45

   Кароолор: 42

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА ОШ ОБЛУСТАРЫНДАГЫ СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРДЫ

Иш сапарынын алкагында ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Сузак, Аксы райондорунда жана Манас, Таш-Көмүр шаарларында болду. Мындан тышкары, министр Ош облусунун Өзгөн районундагы сел коркунучу бар объектилер менен жеринде таанышты.

Сапардын жүрүшүндө министр табигый кырсыктын кесепеттерин жеринен көрүп чыгып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жолугушууларда көйгөйлүү маселелер жана сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча жарандардын сунуш-пикирлери талкууланды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга кооптуу тилкелерде алдын алуу иштерин күчөтүү, жээктерди бекемдөө жана кошумча коргоо чараларын көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон долбоордук документтерди ыкчам даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу