Жаңылыктар
03.07.2026 18:19
Кароолор: 35
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ СУУ КАПТОО КОРКУНУЧУ ЖАРАЛГАН АЙМАККА КЕЛДИ
3-июль күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр Аке айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Чоң-Ак-Суу дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жаралды.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев окуя болгон жерге барып, жүргүзүлүп жаткан коргоо иштерин координациялоодо.
Турак үйлөрдү суу каптоонун алдын алуу максатында ӨКМдин инженердик техникалары жана жергиликтүү айыл өкмөтүнүн күч-каражаттары тартылып, дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.