Жаңылыктар
24.07.2026 15:37
Кароолор: 30
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДА БИР КАТАР ОБЪЕКТТИЛЕРДИН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон кезектеги иш сапарынын жүрүшүндө бир катар маанилүү объекттилердин курулуш ишинен кабар алды.
ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Ананьево айылында № 33 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулууда. Министр жеринде курулуш ишине байланышкан бир катар маанилүү маселелер боюнча тапшырмаларды койду.
Канатбек Чыныбаев мындан сырткары Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында М. Чокуев атындагы ошондой эле райондун Токтогул айылындагы А. Сыдыкбеков атындагы орто билим берүү мектебинин курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу максатында ӨКМ тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен сейсмикалык жактан туруктуу мектеп инфраструктурасын жаңылоого багытталган "ERIK' долбоорунун алкагында өлкөнүн аймагында 23 мектеп курулуп, 17 мектеп реконструкциядан өткөрүлөт.
Министр ага катар Ак-Суу районунун Жыргалаң айылындагы "Ала-Тоо Резорт" курортунун аймагындагы Кыргызгидрометке караштуу кар көчкү станциянын курулуш ишинен кабар алды.