Жаңылыктар
15.06.2026 21:01
Кароолор: 228
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ СЕЛ ЖАНА СУУ ТАШКЫНДАРЫНАН КОРГОО ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ
2026-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө калктуу конуштарды сел жана суу ташкындарынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Министр облус аймагындагы Талас шаары, Талас, Бакай-Ата, Манас жана Айтматов райондорундагы объектилерди кыдырып, дренаждык тутумдарды калыбына келтирүү жана суу өткөрүүчү курулуштардын абалын жеринен көрдү.
Учурда Талас облусунда калктуу конуштарды суу каптоо коркунучунан коргоо максатында жалпы 13 объект боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Анын ичинен:
• 9 объект боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерине келишим түзүлгөн, анын ичинен 4 объект боюнча иштер аяктады;
• 4 объект боюнча жаңы курулуш иштеринин долбоорлору даярдалып, экспертизага даярдалууда;
• 1 объект боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
• Дагы 3 объект боюнча конкурска даярдык көрүлүүдө. Алар: Көк-Дөбө, Чолпонбай жана Май айылдарындагы жабык дренаждар.
Долбоорлоо-изилдөө иштерине Талас районунун Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылынын С. Жумагулов жана Манас көчөлөрүндөгү, Кең-Кол айыл аймагындагы Ак-Жар жана Көк-Ой айылдарындагы, Шумкар-Уя айыл аймагындагы Сасык-Булак айылындагы, ошондой эле Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы жана Бакай-Ата районундагы объектилер кирет.
Курулуш жана оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткан негизги объектилер:
Талас шаарынын МИК турак үйлөрүнүн аймагында 766 метрлик дренаждык тутумду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Объект экспертизадан өтүп, курулуш реестрине киргизилген. Учурда 200 метр аралыкта казуу иштери аткарылып, диаметри 1000 мм болгон түтүктөр жеткирилди.
Талас району, Каракол айыл аймагы, Көпүрө-Базар айылы (С. Жумагулов көчөсүнүн күн чыгыш тарабы) 1049 метр дренаждык тутумдун ичинен 207 метр бөлүгүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда иштер аяктоо алдында турат.
Талас району, Шумкар-Уя айыл аймагы, Сасык-Булак айылы. 305,2 метр аралыктагы дренаждык тутумду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө 180 метр аралыкта казуу жана демонтаждоо иштери аткарылды.
Бакай-Ата району, Бакай-Ата айыл аймагы, Мин-Булак айылы. 153 метр аралыктагы оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, объект аяктоо алдында турат.
Ошондой эле Манас районунун Кыргызстан айыл аймагындагы Көк-Дөбө айылында 1300 метрлик дренаждык системаны куруу, ал эми Май айылында 6970 метрлик дренаж боюнча долбоорлоо-изилдөө иштерин аткарууга тиешелүү документтер даярдалууда.
Андан тышкары облус аймагында 7 ачык дренаж механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Алар: Талас районунун Каракол айыл аймагындагы Арал айылында узундугу 800 метр, Беш-Таш айыл аймагындагы Кызыл-Туу айылында 600 метр, Талас шаарынын МИК аймагында 447 метр, Бакай-Ата районунун Күмүштак айыл аймагындагы Боо-Терек айылында 1100 метр, Биримдик айыл аймагындагы Өзгөрүш айылында 1300 метр жана 420 метр аралыктагы дренаждар механикалык тазалоодон өткөрүлдү. Ошондой эле Биримдик айыл аймагындагы Кең-Арал айылында 1500 метр аралыктагы дренажды тазалоо иштери башталды.
Канатбек Чыныбаев иштердин жүрүшү менен таанышып, жооптуу жетекчилерге объектилерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Калкты жана аймактарды сел жана суу ташкындарынын кесепеттеринен коргоо, алдын алуу чараларын күчөтүү — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.