Жаңылыктар
20.04.2026 16:02
Кароолор: 129
Канатбек Чыныбаев Талас облусундагы өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты
2026-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрликтин бир катар бөлүмдөрүндө болуп, жергиликтүү өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн абалы, материалдык-техникалык камсыздалышы жана өздүк курамдын кызмат өтөө шарттары менен таанышты.
Өзгөчө көңүл атайын техникалардын абалына, күч жана каражаттардын ыкчам чара көрүүгө даярдыгына, материалдык-техникалык базаны жаңылоо маселелерине, ошондой эле жер-жерлерде кызматты уюштуруу иштерине бурулду.
Канатбек Чыныбаев өздүк курам менен жолугушуу өткөрүп, кызмат өтөө шарттары менен таанышып, көтөрүлгөн маселелерди угуп жана тартипти чыңдоонун, күжүрмөн даярдыкты жогорулатуунун, жарандык коргонуу тутумун мындан ары өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш сапар аймактардагы бөлүктөрдүн учурдагы абалын баалоого жана Кыргыз Республикасынын ӨКМдин аймактык кызматтарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
https://www.facebook.com/share/r/18a9YA5pMV/