Жаңылыктар
17.07.2026 18:51
Кароолор: 114
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ: СУУГА ЧӨГҮП КАЗА БОЛГОН АР БИР БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ ЧОҢ ТРАГЕДИЯ
Канатбек Чыныбаев адам өмүрүн сактоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишиндеги эң башкы артыкчылык экенин ,17-июлда министрликтин I жарым жылдыкта аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегияда белгиледи. Ал сууга чөгүп каза болгон ар бир баланын өлүмү чоң трагедия экенин айтып, мындай окуяларга кайдыгер мамиле кылууга болбой турганын баса белгилеп, калк арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле министр күн сайын башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган куткаруучулардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө болушу керектигин белгилеп, аларды заманбап жабдуулар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, сел, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу чараларын күчөтүү милдетин койду. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдети өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу гана эмес, эң оболу алардын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо экенин баса белгиледи. Бул тууралуу министр 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегиянын жүрүшүндө айтып, министрликтин негизги милдети өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин ыкчам жоюу менен катар, эң башкысы алардын алдын алуу жана ар бир жарандын өмүрүн сактоо бойдон каларын өзгөчө белгиледи.