Жаңылыктар

13.06.2026 10:00

   Кароолор: 254

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮН КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымындагы сел жүргөн жерге барып, учурдагы кырдаал менен таанышты.

Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин (оплывина) жоюу жана тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин атайын техникалары тартылган.

Министр жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп, жооптуу кызматтарга иш-чараларды ыкчам аяктоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Абал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө. Иштер улантылууда.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу