Жаңылыктар

13.08.2026 23:35

   Кароолор: 119

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫН КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев менен биргеликте облустун аймагындагы бир катар объектилерде иш сапары менен болушту.

Алгач Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Исмаил айылындагы сел өтүүчү каналды жеринен көрүп, анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Андан соң Москва районундагы Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда өтүп жаткан ӨКМдин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчыларынын жыйынына катышты. Министр өздүк курамдын ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен таанышып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Иш сапардын алкагында Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №22 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө болуп, өздүк курамдын иштөө шарттары жана кызмат өтөө тартиби менен таанышты.

Андан соң Сары-Коо айыл өкмөтүнүн Степное айылындагы Будковский суу топтоочу курулманын абалын жеринен көрүштү. Суунун нугунан чыгып кетүү коркунучун алдын алуу максатында жыл аягына чейин райондук бийлик менен биргеликте тиешелүү чараларды ишке ашыруу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле Феодоровка айылынын Совет көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан, жалпы узундугу 1500 метр болгон ачык типтеги дренаждык тутумдун техникалык абалы менен таанышып, ушул эле айылда жайгашкан жалпы узундугу 700 метр болгон ачык типтеги дренаждык тутумду көрүп чыгышты. Аныкталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бийлик менен биргеликте конкреттүү милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, Панфилов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №2 өрткө каршы куткаруу бөлүгүндө болуп, министр имараттын чатырын жаңылоо боюнча курулуш иштерин тез арада аяктоону тапшырды.

Иш сапардын соңунда Кайыңды шаарындагы Школьная жана Пролетарская көчөлөрүндө, ошондой эле Панфиловка айылынын Базарная көчөсүндө жайгашкан ачык типтеги дренаждык тутумдардын абалы менен таанышышты.

Жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү, суу ташкындарынын жана селдин алдын алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин азайтуу багытында тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу