Жаңылыктар

07.05.2026 17:59

   Кароолор: 48

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ОШ ОБЛУСУНДАГЫ СЕЛ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТАРДЫ ТЕКШЕРДИ

ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев иш сапары менен Ош облусуна барып, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы сел коркунучу бар аймактарды жеринен көрүп чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында сел каналдарын тазалоо, кеңейтүү жана калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле кооптуу тилкелерге туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана жаан-чачын маалында ыкчам аракет көрүү милдети коюлду.

Мындан тышкары, калкты маалыматтандыруу иштерин күчөтүү, эрте эскертүү системаларын жакшыртуу жана мүмкүн болгон эвакуацияга даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу