Жаңылыктар

31.05.2026 09:14

   Кароолор: 28

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ӨКМдин ВЕДОМСТВОЛУК КУТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 25 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН БОРБОР КАЛААНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫН КУТТУКТАДЫ

2026-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышып, өздүк курамды, ардагерлерди жана конокторду мааракелүү күн менен куттуктады. Министр өз сөзүндө куткаруучулардын калктын коопсуздугун камсыз кылуудагы, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюудагы зор салымын, ошондой эле алардын жогорку кесипкөйлүгүн жана кызматтык милдетине берилгендигин белгиледи.

Ак ниет кызматы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кызматтык жана күжүрмөн даярдыктагы жогорку көрсөткүчтөрү, ошондой эле жарандык коргонуу тутумун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар, анын ичинде Ардак грамоталар, төш белгилер жана ар кандай даражадагы медалдар тапшырылды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев куттуктап, куткаруучулардын күжүрмөн эмгеги жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздоодогу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу бөлүк аяктагандан кийин өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, кызматтык жайларды, атайын техникаларды, авариялык-куткаруу шаймандарын жана өздүк курамдын кызмат өтөө шарттарын көрүп чыгышты.

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 25 жылдык мааракеси бөлүмдүн тарыхындагы маанилүү окуя болуп, кыргызстандык куткаруучулардын жогорку даярдыгын жана жарандардын өмүрү менен коопсуздугун камсыз кылуудагы күнүмдүк жоопкерчиликтүү эмгегин дагы бир жолу тастыктады.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу