Жаңылыктар

14.07.2026 18:17

   Кароолор: 74

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ НООКЕН РАЙОНУНДА СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ИШТЕРИН ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛДӨӨДӨ

13-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда болуп, селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеке көзөмөлдөп, координациялоодо.

Министрдин жетекчилиги алдында кырсык болгон жерде бардык тартылган кызматтардын өз ара ыкчам иш алып баруусу камсыздалууда. Калыбына келтирүү иштери, аймактарды тазалоо, инфраструктураны калыбына келтирүү жана калкка жардам көрсөтүү иштеринин жүрүшү туруктуу көзөмөлдө.

Канатбек Чыныбаев министрликтин бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жумушчу кеңешмелерди өткөрүп, артыкчылыктуу милдеттерди аныктап, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу үчүн тиешелүү чечимдерди кабыл алууда.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бардык күч-каражаттары авариялык-калыбына келтирүү иштерине жумшалган. Иштер сутка бою үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, кырдаал министрдин жеке көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, жабыркаган турак жайлардын бир бөлүгү кооптуу аймактарга — дарыялардын нуктарында жана суу коргоо тилкелеринде мыйзамсыз курулган. Мындай жайгашуу сел жүргөн учурда турак жайлардын жабыркашына олуттуу себеп болгон.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу