Жаңылыктар
19.05.2026 16:38
Кароолор: 54
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ БИР КАТАР ОБЪЕКТИЛЕР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна кызматтык иш сапары менен келди. Иш сапардын алкагында министр селден коргоо, инфраструктура жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.
Алгач иш сапар Ак-Талаа районунан башталып, Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Жаңы-Тилек айылынын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан селден коргоочу каналдын абалы жеринде көрүлдү. Министр жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл буруп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, министр Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин кампусунда болуп, объекттин учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Ошондой эле Нарын шаарынын аймагындагы Мазар-Булак жана Чыгыш-Булак кооптуу тилкелеринде Ага-Хан өнүктүрүү уюму тарабынан курулган сел тосмолору жеринде көрүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө министр КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жаткан имараты менен да таанышып, курулуш иштеринин сапатына жана жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурду.