Жаңылыктар

29.09.2026 16:33

   Кароолор: 32

КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ МОНГОЛИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал мырза менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Артыкчылыктуу багыттардын катарында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Монголиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосунда кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумду практикалык жактан ишке ашырууну улантуу, мониторинг жүргүзүү жана калкка эрте эскертүү жаатында маалымат жана заманбап технологиялар менен алмашуу, адистердин квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен окуу-көнүгүүлөрдү өткөрүү жана өз ара иш сапарларды уюштуруу белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында мындан ары да конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө жана эки тараптын өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомство лорунун ортосундагы практикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу