Жаңылыктар
22.05.2026 16:03
Кароолор: 81
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ КЫЗЫЛ КРЕСТ ЖАНА КЫЗЫЛ ЖАРЫМ АЙ КООМДОР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Канатбек Чыныбаев менен Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Коомдор Федерациясынын (ЭКККЖАЭКФ) Борбор Азия боюнча Өлкөлүк кластердик делегациясынын жетекчиси Севал Гузелкилинч айымдын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү багытындагы актуалдуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Айрыкча ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө, тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы координацияны чыңдоого, ошондой эле кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана калкты коргоо боюнча биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатууга жана ар кандай тобокелдиктерге туруктуулукту чыңдоого багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин белгилешти.