Жаңылыктар
14.05.2026 17:48
Кароолор: 23
КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЕҢСЕСИНИН БАШЧЫСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Бүткүл дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Хью Ридделл менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, жарандык коргонуу системасын чыңдоо жана өлкөнүн климаттык чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу багытындагы учурдагы кызматташтыкты жана мындан ары да өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Министр КР ӨКМ менен Дүйнөлүк банктын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга жооп кайтаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруудагы натыйжалуу кызматташтыгын белгилеп, жарандык коргонуу жана тобокелдиктерди башкаруу жаатында заманбап ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын, анын ичинде гидрометеорология багытын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу системасынын потенциалын күчөтүү, ошондой эле калктын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара конструктивдүү кызматташууну улантууга жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен ишти мындан ары да улантууга даяр экендиктерин ырасташты.